Түз эфир номери:

Номер прямого эфира:

Берүүлөр diamond Программы
broadcast images
"Ашар"

«Ашар» уктуруусунда замандашыбыздын кѳйгѳйүн ортого салып, чыгуу жолун бирге издейбиз. Эгер сиз да кайсы бир кырдаалдан чыгуу жолун таппай турсаӊыз, «Ашарга» кош келиӊиз. Сейил Калдыбаева жалпы угармандарыбыз менен бирге жардам берүүгѳ даяр. Жуманын бейшемби күнү, саат 18:00дѳ сиздерди «ОК» радиосунун аба толкунунда күтөбүз.

broadcast images
"Апалар Мектеби"

Бала тарбиялоо – аялдын эӊ улуу иши. Эне баласынын денеси үчүн гана кам көрбөстөн, анын жан дүйнөсүнө, жүрүм-турумуна, адеп-ахлактык тарбиясына зор таасир берет. Ал балдарынын жакшы адаттарды өздөштүрүүсүнө көмөктөшөт. Баланын адаттары жаӊыдан пайда болуп, мүнөзү калыптанып келе жатканда, эненин таасири баарынан күчтүү.

broadcast images
"Иммунитет"

Ден соолуктун камын кѳрүп, сергек жашоо образын сактап, узак, сапаттуу жана бактылуу ѳмүр сүргүңүз келсе, “Иммунитет” программасы сиз үчүн! Уктуруубузда дарыгерлер, диетологдор, ден соолукка кам кѳрүүгѳ мыкты кеңеш бере алган ар тараптуу инсандар конокто болот. Уктуруунун алып баруучусу журналист Айнура Миназарова сиздерди ар дүйшѳмбү кечки саат 18.00до Ок радиосунда күтѳт!

broadcast images
“Эсиңдеби?”

“Кудай кошконду адам ажыратпасын” демекчи, ар бир үй-бүлө бакыт сезип, кубанычка толуп жашоого акылуу. Буга тоскоол болгон нерселер да болбой койбойт, антсе да, коломтонун оту өчпөй, бакыт кушунун үй-бүлөдө биротоло байырлап калуусунун сыры эмнеде? Мына ушулар тууралуу үй-бүлөлүк ОК радиосунан үй-бүлөнүн күңгөй-тескейин чагылдырган, жаш үй-бүлөлөр үчүн кеп-кеңештерди камтыган “Эсиндеби?” уктуруусун ар аптанын жума күнү саат 18:00дө угуңуздар! Коомдогу үлгүлүү, белгилүү жубайлар менен дил маек сиз үчүн!

broadcast images
"Ѳнѳрлүү ѳмүр"

Жараткан Ар Бир Адамды Бул Дүйнөгө Жаратып Жаканда Кандайдыр бир Өнөрдү, Жондем-таланттар Шыбага Катара Катас турбиналарды алып ... Мына ошол талант таптап, Өнөрдү өстүрпө, Бак биле Эс-Асшоле. Андыктан элдин рухун коргонгосун байытуу учун берилген онорун элге тартуулап жургон коп кырлуу таланттар уй-булолук ОК радиосунда сиздер менен уз эфирде маектешмекчи. Ар жуманын үчүнчү күнү, саат 18.00дө “Өнөрлүү өмүр” окуусуна кош келиниңиз!

broadcast images
"Асыл аялзат"

Аял жашоодо ар кандай ролдорду аткарууга уникалдуу жөндөмдөр менен жаратылган. Үй-бүлөм деп далбастап, башка жакындарынын да кызыкчылыгын ойлоп жүрүп, аял көп учурда өз жашоосунун маанилүү тарабын – өзүнө кам көрүүнү – унутуп коёт. Айымдарга арналган «Асыл аялзат» аттуу берүү аркылуу бизге күч менен шык, таланттар баарын башкаларга арнап коюп, өзүбүз “куру жалак” калышыбыз үчүн эмес, өзүбүзгө да кам көрүү аркылуу жаздай жадырап, башкалардын да жашоосун жаркытып турушубуз үчүн берилгенин эстейбиз.

broadcast images
"Ощути силу перемен"

В передаче "Ощути силу перемен" Алтынбек Искендеров разберёт самые актуальные жизненные вопросы и пригласит самых интересных гостей. 

broadcast images
"Мен жана жашоо"

Жашоонун маанилүү учурларына токтолуп, айрым чындыктарды терең ачып бүрүүгө арналган "Мен жана жашоо" уктуруусу сиздер үчүн арналат. Бул программа аркылуу бири-бирибизди моралдык колдоону, туура шыктандырууну, дем берүүнү бирге үйрөнөбүз. Ар ишемби күнү саат 12.00 до "Мен жана жашоо" уктуруусу Ок радиосунда сиздерди күтөт. Алып баруучу Зарема Игамбердиева.

broadcast images
"День добрый"

«День Добрый!» с 7 до 9 утра с понедельника по пятницу в прямом эфире Теос! Ответы и практические рекомендации от психолога Евгения Сарапулова.

broadcast images
"Биз калтырчу издер"

Жашоодон алынган реалдуу окуяларды көркөм сүрөттөө аркылуу адам өмүрүнүн баалуулугун, анын бул жарыкчылыктагы аткара турган милдетин, артында калтыра турган, башкаларга үлгү боло турган издерин, жашоодогу бардык нерсе Жараткандын эрки жана чечими менен болорун ар тараптуу сүрөттөө – берүүнүн негизи максаты.

broadcast images
"Назар" (архив)

Коомдук кырдаалга Карыпов Уланбек менен чогуу назар салыӊыздар.

broadcast images
"Сыр Маек" (архив)

Аптанын шаршемби күнү, кечки саат алтыда «ОК» радиосунун «Сыр маек» уктуруусунан сизди күтөбүз. Уюткулуу элибиздин, сыймыктуу инсандары сиздерге сырын ачып, кызыктуу маек куруп беришет. Студиябыздын куттуу төрүнө Канат Алманбетов чакырат.

broadcast images
"Бар заман" (архив)

Үй-бүлө институту ар түрдүү коомдо ар кандай жолдорду басып өтүп, калыптанат. Бүгүнкү күндө төгөрөгү төп келген, бардыгы кенен, коогасыз БАР ЗАМАНДА жакшыдан үлгү алып, жамандан арылып, үй-бүлөнүн түндүгү бийик көтөрүлүп турушуна көз салуу гана зарыл. “БАР ЗАМАН” үй-бүлөнүн учурдун талабына шайкеш, улуттук дөөлөттөрдү бийик кармап, бакубат өмүр сүрүүгө үндөйт.

broadcast images
"Кутман Таң" (Архив)

«Таӊды кандай тозсоӊуз, күнүӊүз ошондой уланат!» Жашоо — күндөрдөн, ал эми күн аткан таӊдан турат! Ар бир күнүӊүз көӊүлдүү жана пайдалуу өтсүн, коомдон артта калбайын, бардыгынан кабардар болоюн десеӊиз, «Ок» радиосунун «Кутман таӊ» шоу уктуруусуна кош келиӊиз! Иш күндөрү таӊкы саат 8.00-10.00 гө чейин таӊкы шоуну Айнура Миназарованын алып баруусунда угуӊуздар!

broadcast images
"Секреты счастья" (архив)

"Секреты счастья" - это школа жизни на "Радио Ок". Как жить, чтобы ощущать радость и удовлетворение и не чувствовать себя несчастным. В прямом эфире - уроки практической психологии и беседы с интересными людьми. Гости ток-шоу делятся своим пониманием счастья и отвечают на вопросы радиослушателей вместе с ведущей передачи Бермет Бексултан.