Түз эфир номери:

Номер прямого эфира:

биз жөнүндө diamond о нас

биз жөнүндө

Радио ОК

«ОК радиосу» – Кыргызстандагы биринчи үй-бүлөлүк радио.

Биздин ураан – «Үй-бүлө – бакыт башаты!»

"ОК радиосу" – бул чыныгы жашоо тууралуу ачык-айкын сүйлөшүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк. ОК радиосунун толкундарында биз сиздер менен түздөн-түз карым-катышта болуп, ар түрдүү татаал жагдайлардан чыгуу жолун чогуу издейбиз.

Радионун аудиториясы – ар бир кыргыз үй-бүлөсү. Жашоонун чыныгы маңызын издегендер, маданий, руханий жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды кастарлагандар, жарандык жана социалдык жактан активдүү инсандар. Алар жаш курагы, социалдык-экономикалык, диний жана улуттук өзгөчөлүктөрү жагынан чектелбейт. Угармандарыбыздын негизги жаш курагы 18 жаштан жогоркулар.

«ОК радиосу» – позитивдүү маанай, кызыктуу темалар, жандуу талкуулар, пайдалуу кеңештер, классикалык жана заманбап музыка, жагымдуу атмосфера жана чыгармачыл мамиле. 

Биз угарманыбызга толук кандуу маектеш болуп, турмуштук татаал суроолорго биргелешип жөнөкөй жооп табууну көздөйбүз.

«ОК радиосу» биринчи жолу 1996-жылдын 3-майында обого чыккан. Бүгүнкү күндө «ОК радиосу» Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл дубандарында жана өлкөнүн түштүгүндөгү Ош, Жалал-Абад, Токтогул, Каракөл шаарлардында 24 саат бою жаңырып турат. «ОК радиосун» Чүй аймагында жана Бишкек шаарында FM 100.5, Ысык-Көлдө FM 88.8, Токтогул, Каракөл шаарларында FM 88.3, Ош, Жалал-Абад шаарларында FM 88.4, Талас шаарында FM 89.8, Нарын дубанында FM 87.5 жыштыктарынан угууга болот.

Ошондой эле www.okradio.kg сайтынан жана Фейсбуктагы «Радио ОК» баракчабыздан түз эфирлерибиздин видеосун көрө аласыздар. Андан сырткары, Инстаграм, Ютуб, Тик-ток каналдарыбызда да түз эфирлерибиз жайгаштырылган.