Түз эфир номери:

Номер прямого эфира:

0312 91 19 19
Передачи: Радио ОК diamond БЕРҮҮЛӨР

  • Балдар жашоонун гүлү, сүйүүнүн жемиши.
    30.04.2019

    Балдар жашоонун гүлү, сүйүүнүн жемиши. Балдар жөнүндө не деген гана таттуу сөздөр айтылбаган! Бүгүнкү берүүдө балдар тууралуу таттуу ой, таттуу сезимдерге чөмүлөбүз.

  • Баланын эркелиги.
    23.04.2019

    Дароо эле: "Баланы эркелетпегенде кимди эркелетмек элем?" деген ойду жаратышы мүмкүн бүгүнкү берүү... Бирок баланын эркелиги эмнеден келип чыгары, эмнеге алып барары тууралуу азын оолак сөз козгосок ашыкча болбос. Андыктан, баланын эркелиги тууралуу ойлорду ортого салалы.

  • Балдар кимди авторитет тутат?
    16.04.2019

    Балдар кимди авторитет тутат? Балдар өмүр бою ата-энесин авторитет тутушу үчүн, алар менен болгон мамиле кандай болушу керек? Кандай себептерден улам бала ата-эненин кадыр-баркына баш ийбей калат? Келиңиз ойлорду ортого салалы.

  • Баланын достору
    09.04.2019

    Адам баласына дос күтүү, досторуна тартылуу мүнөздүү нерсе. Досу жок адам болбойт. Балдар да дал ошондой. Бирок достун таасири башка маселе. Баланы досторунун терс таасиринен кантип коргоо керек? Келиңиздер, ушул тууралуу ой бөлүшөлү.

  • Баланын өзүмчүлдүгү.
    02.04.2019

    Баланын өзүмчүлдүгү. Меники! Мага! Мен! Бул сөздөрдү балаңыздын лексиконунан көп эле угуп калаттырсыз? Бул дегеле ар бир адамда кездешчү өзүмчүлдүктүн белгиси. Эмесе, бүгүнкү берүүбүздө дал ушул тууралуу сөз кылабыз.