Үйдө уу-чуу! Балдардын кыйкырышып, атаандашканы басылбайт! "Ой антпе! Урушпа! Кыйкырба!" дей берип, тил алдыра албай, шайы кеткен эне... Үй-бүлөдө балдар арасында атаандаштыктын себептери эмнеде, аны кантип жөнгө салууга болот? Эмесе, кезектеги уктуруу мына ушул атаандаштык тууралуу болмокчу.
Эмне үчүн балдарыбыздын тарбиясы биз каалагандай болбой калат? Канча акыл-насаат айтсак да, алар башкача адамдардан болуп чыга келишет? "Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың" деген макалдын буга канчалык тиешеси бар? Кезектеги уктурууда мына ушул балдарга берилген тарбия меселеси тууралуу кеп козголот.
Жалпы эле жакындарыбыздын, алардын ичинде балдардын жүрөгүнө барчу жолду кантип тапсак экен? Чиеленишкен татаал мамилелердин себеби эмнеде? Деги кимибиз сүйүүнүн кайсы тилинде сүйлөп жатабыз? Дегеним ар бирибиздин сүйүү тилибиз болот экен. Эмесе, кезектеги берүүдө ушул тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Үй-бүлөдө ѳз балдары менен тил табыша албаган ата-энелер аз эмес. Жерден боорун көтөрө элек жатып, ата-энеге моюн толгоп, өз билгенин кылгысы келген, кежир балдарды кантебиз? Эмесе бул берүү өз балдарынын тилин таба албай, бушайман болгон энелерге арналат.
Ар бир кесип ардактуу. А бирок адам келечекте өзү сүйүп иштей турган кесипке ээ болсо, бул эки эсе ардактуу болору анык. Абитуриент балдарыбыз кайсы окууга тапшырып, кандай кесипке ээ болуу керектиги тууралуу баш катырып жаткан чакта, бүгүнкү берүүбүздүү дал ушул кесип тандоо темасына арнамакчыбыз.