Балдар арасындагы кылмыштуулук азыркы коомдун эң коркунучтуу жана көйгөйлүү маселеси. Акыркы мезгилде жаштар арасындагы кылмыштуулук барган сайын күч алууда. Кезектеги берүүдө мына ушул көйгөй тууралуу ой бөлүшөбүз. Биздин толкунга кошулуңуздар.
Кызы бардын назы бар. Кыргыз эли кыз баланы өзгөчө сыйлап, аздектеп мамиле кылган. Аны үйгө көрк берген гүлдөй назик тутуп, бапестеп асырашкан. Аны менен катар кыз баланын тарбиясына олуттуу мамиле кылышкан. Бул жолку берүүдө кыз баланын тарбиясы тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Жакшы аял Жараткандын үй-бүлөгө берген эң кымбат белеги. Үй-бүлөсүн БАКТЫГА бөлөөнү көздөгөн жакшы эне кандай сыпаттарга ээ болууга тийиш? Кезектеги берүүбүз ушул тууралуу.
Эне болуу артыкчылыкпы же жоопкерчиликпи? Энеге кандай жоопкерчилик жүктөлгөн? Ал эми кандай артыкчылык берилген? Биз аны канчалык түшүнөбүз? Келиңиздер, ушул тууралуу ой бөлүшөлү...
1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдар толук кандуу корголушу үчүн, ар бир эне, ар бир ата, ар бир жаран билиши керек болгон юридикалык документтер менен бүгүнкү берүүдө тааныша аласыздар.