Түз эфир номери:

Номер прямого эфира:

Передачи: Радио ОК diamond БЕРҮҮЛӨР

  • Бир эле булактан таза суу да, шор суу да чыгышы мүмкүнбү? Жок, мүмкүн эмес.
    21.04.2020

    "Апалар мектеби" уктуруусу:Бир эле булактан таза суу да, шор суу да чыгышы мүмкүнбү? Жок, мүмкүн эмес. Ал эми биз балдарыбызга кандай сөздөрдү айтып жатабыз? Оозубуздан аларга карата жакшы сөздөр менен бирге эле жаман сөздөр да чыгып жаткан жокпу? Жакшынын жакшы, жамандын жаман таасири бар. Эгер балдарыбыздын келечеги жарык, бактылуу болсун десек, азыртан алардын жүрөгүн жакшы сөздөргө сугаралы. Кезектеги уктуруу жакшы жана жаман сөздөр, ошондой эле алардын таасири менен күчү тууралуу болмокчу.

  • Кичинесинде үйдө ур-токмок жеп чоңойгон балдар кийин агрессивдүү чоң адамдарга айланабы?
    14.04.2020

    "Апалар мектеби" уктуруусу: Кичинесинде үйдө ур-токмок жеп чоңойгон балдар кийин агрессивдүү чоң адамдарга айланабы? Балдарды уруп-согуунун пайдасы жана зыяны канчалык? Баланы уруп-согуп тарбиялоонун кесепети кай жакка чейин жетет? 

  • Өспүрүмдөрдүн депрессиясын кантип убагында байкоо керек?
    07.04.2020

    "Апалар мектеби" уктуруусу: Өспүрүмдөрдүн депрессиясын кантип убагында байкап, кантип убагында жардам берүүгө болору тууралуу. Өспүрүм балдар депрессия түшөт деген нерсе оюңузга келди беле? Алардын шалдырап, эч нерсеге көңүлү келбей, айтканды уккусу келбей, көңүлдөрү чөгүңкү жүргөн учурларынын себепчиси жаш курагына байланыштуу эле өзгөчөлүкпү?

  • Дүрбөлөң учурунда апалардын милдети.
    24.03.2020

    "Апалар мектеби" уктуруусу: Дүрбөлөң учурунда апалардын милдети.  Сарсанаа менен, паникага алдыруу менен эч кимге жардам бере албастыгыбызды түшүнүп, учурду өзүбүздү жана балдарыбызды кубанта алгыдай кылып кантип өткөрүү керек?  

  • Жазгы авитаминоз
    17.03.2020

    Адатта, жаз мезгилинде адамдын организминде витаминдердин жетишсиздиги сезиле баштайт. Бул балдардын ден соолугуна да кедергисин тийгизет. Кезектеги уктуруу жазгы авитаминоз тууралуу.