"Апалар мектеби" уктуруусу: Өспүрүмдөрдүн депрессиясын кантип убагында байкап, кантип убагында жардам берүүгө болору тууралуу. Өспүрүм балдар депрессия түшөт деген нерсе оюңузга келди беле? Алардын шалдырап, эч нерсеге көңүлү келбей, айтканды уккусу келбей, көңүлдөрү чөгүңкү жүргөн учурларынын себепчиси жаш курагына байланыштуу эле өзгөчөлүкпү?
"Апалар мектеби" уктуруусу: Дүрбөлөң учурунда апалардын милдети. Сарсанаа менен, паникага алдыруу менен эч кимге жардам бере албастыгыбызды түшүнүп, учурду өзүбүздү жана балдарыбызды кубанта алгыдай кылып кантип өткөрүү керек?
Адатта, жаз мезгилинде адамдын организминде витаминдердин жетишсиздиги сезиле баштайт. Бул балдардын ден соолугуна да кедергисин тийгизет. Кезектеги уктуруу жазгы авитаминоз тууралуу.
"Апалар мектеби" уктурусу: Балдар чоңойгондо, көйгөйлөр да чоңоёбу? Балдар чоңойгон сайын ата-энелери менен болгон мамилесинде кыйынчылыктардын күч ала башташы эмнеден болот? Балким, тарбияга тээ башынан көңүл буруу керектир? Кезектеги уктуруу дал ушул тууралуу.
"Апалар мектеби" уктуруусу: Келдиңби жаз... Жаз менен кошо кирип келген Асылзаада айымдардын майрамын утурлап, кезектеги уктуруу энелердин артыкчылыктары тууралуу болмокчу.