"Апалар мектеби" уктуруусу: Дүрбөлөң учурунда апалардын милдети. Сарсанаа менен, паникага алдыруу менен эч кимге жардам бере албастыгыбызды түшүнүп, учурду өзүбүздү жана балдарыбызды кубанта алгыдай кылып кантип өткөрүү керек?
Адатта, жаз мезгилинде адамдын организминде витаминдердин жетишсиздиги сезиле баштайт. Бул балдардын ден соолугуна да кедергисин тийгизет. Кезектеги уктуруу жазгы авитаминоз тууралуу.
"Апалар мектеби" уктурусу: Балдар чоңойгондо, көйгөйлөр да чоңоёбу? Балдар чоңойгон сайын ата-энелери менен болгон мамилесинде кыйынчылыктардын күч ала башташы эмнеден болот? Балким, тарбияга тээ башынан көңүл буруу керектир? Кезектеги уктуруу дал ушул тууралуу.
"Апалар мектеби" уктуруусу: Келдиңби жаз... Жаз менен кошо кирип келген Асылзаада айымдардын майрамын утурлап, кезектеги уктуруу энелердин артыкчылыктары тууралуу болмокчу.
"Апалар мектеби" уктуруусу: Зордук-зомбулук - коомдун үрөй учурган көйгөйү. Аялзатына жана балдарга карата зордук-зомбулук жүрөк ооруткан көрүнүштөргө алып келип жатканы өкүнүчтүү...